FSDS тарабынан айыл чарба тармагындагы тажрыйба алмашуу

FSDSнын азык-түлүк коопсуздугу боюнча долбоору жыл сайын фермелер үчүн тажрыйба алмашуу өткөрөт.

2025-жылдын 11-13-мартында Ташкент шаарында (Өзбекстан) айыл чарба тармагына арналган эл аралык көргөзмө өтөт. Бул аянтча айыл чарба продукцияларын иштеп чыгуучу локалдык жана эл аралык ишканалардын жана уюмдардын продукциясын сунуштайт.

Агровыставкага фермерлердин баруусу жаңы технологияларды таанып-билүүгө, тажрыйба алмашууга жана айыл чарбасына кызыккан тармактар менен пайдалуу ишкердик байланыштарды орнотууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Көргөзмө айыл чарба, мал чарба жана өсүмдүктөр тармагындагы заманбап технологиялар жана жабдуулар менен көрсөтүлүп, айыл чарбасындагы заманбап чечимдер жана ыкмаларды сунуштайт. Мастер-класстарда алдынкы адистердин катышуусу фермердик чарбалардын ишин жакшыртууга өбөлгө болот.

FSDS тарабынан көргөзмөгө Иссык-Куль жана Жалал-Абад облустарынан фермерлер жана агро сектордун консультанттары катышты.